FRU эмес, BSZ... “Манас” аэропортунун IATA коду өзгөрөт

“Манас” эл аралык аэропорту ушул жылдын 9-августунан IATA кодун (учурдагы FRU кодунан жаңы BSZ кодуна) алмаштырат. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги бүгүн, 19-майда маалымдады.

Айта кетсек, IATA коду дүйнө жүзү боюнча аэропортторду өзүнчө идентификациялоо үчүн колдонулат.

"Коддун алмашуусу авиация тармагындагы бардык катышуучулардан техникалык жана уюштуруучулук даярдыктарды талап кылат.

Агенттик жана “Манас” аэропорту эл аралык өнөктөштөрү менен биргеликте жаңы BSZ кодун колдонууга өтүүнү камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан