18-майда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын парламент спикерлери Ала-Арча сейил багына барышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын арасында төрага Нурланбек Тургунбек уулу, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин, Казакстандын парламентинин мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов жана Тажикстандын парламент төрагасы Файзали Идизода бар.
Билдирүүгө ылайык, ардактуу конокторго кыргыз элинин маданиятын чагылдырган программа тартууланып, руханий баалуулуктар даңазаланган оюн-зоок көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, бүгүн, 19-майда Бишкекте ЖККУ ПАнын кеңешинин жыйыны өтөт.