Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен сүйлөшүүлөрдүн сунушталган бардык форматына макул экенин билдирди. Бул тууралуу Орусиянын РИА новости басылмасы жазды.
Анда Зеленский сунушталган бардык форматка макул болорун жана аянтча болуп берүүнү сунуштаган Ватиканга ыраазычылык билдирген.
"Украина менен Орусиянын түз сүйлөшүүсү үчүн аятнча болуп берүүгө даяр экенин айткан Ватиканга ыраазычылык. Анык бир жыйынтыкка жетүү үчүн биз жолугушуунун бардык форматына макулбуз", - деп жазган Зеленский өзүнүн Телеграм каналына.
Белгилей кетсек, жума күнү Ыйык тактынын мамлекеттик катчысы Пьетро Паролин Рим папасы Лев XIV Орусия менен Украинага Ватиканда жолугушууну сунуштаганын билдирген эле.