Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ишин кайра кароого жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Мындай чечим Башкы прокуратура менен адвокат жаңы жагдайлар табылганын айтып өтүнүч кылгандан кийин кабыл алынганы айтылат. Исаковдун ишин Бишкектин Свердлов райондук соту карайт.
"Бишкектин Свердлов райондук сотунун 2019-жылдын 6-декабрындагы өкүмү, Бишкек шаардык сотунун 2020-жылдын 23-мартындагы өкүмү, ошондой эле Жогорку соттун 2020-жылдын 22-июнундагы жана 2021-жылдын 2-мартындагы токтомдору жокко чыгарылды. Кылмыш иши жаңы териштирүү жүргүзүү үчүн Свердлов райондук сотуна жөнөтүлдү", - деп жазылат расмий билдирүүдө.
Эске салсак, мурдагы өкмөт башчы 2020-жылдын октябрында болгон саясий окуялар учурунда камактан бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен. Анын азыр кайда экени белгисиз. Ага эл аралык издөө жарыяланганы маалымдалган.