
Бишкек-Ош унаа жолундагы чуңкурларды толтуруп, талапка ылайык келтирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Бишкек-Ош унаа жолунун 118-130-чакырымдар аралыгындагы чуңкурлар жамалып жатат.
Ошондой эле министрлик жолчулар тарабынан 2312 чарчы метрлик чуңкурларды оңдоо иштери аяктаганын кошумчалады.