Айыл чарба министрлигинин алдында айыл чарба продукциясын экспорттоого көмөктөшүү боюнча штаб түзүлдү. Бул тууралуу аталган министрлик бүгүн, 19-майда маалымдады.
Ага ылайык, аталган штаб өндүрүүчүлөрдү жана экспорттоочуларды колдоо максатында түзүлгөн.
"Штаб министрликтин профилдик башкармалыктарынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринен түзүлдү. Ал экспорттук продукцияны чыгарууда келип чыккан көйгөйлөргө ыкчам чара көрүү жана экспорттоочуларга практикалык жана консультациялык жардам көрсөтүү үчүн түзүлгөн", - деп билдирет министрлик.
Суроолор боюнча жарандар төмөнкү номерге кайрылышса болот: +996 554 041 888