Комитет жыйынында бийик тоолуу аймактардагы калктуу конуштар боюнча токтом долбоору каралды

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 19-майдагы жыйынында бийик тоолуу аймактарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмесин бекитүү жөнүндө токтом долбоору каралып, жактырылды.
Долбоор менен эмгек министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова тааныштырды.
Солтонбекова билдиргендей, тизмеге деңиз деңгээлинен 1800 метрден жогору деп аныкталган 31 жаңы калктуу конуш киргизилүүдө. Ошондой эле 61 калктуу конушту тизмеден чыгаруу сунушталып жатат.
Комитет мүчөлөрү айрым айылдар тиешелүү бийиктикке 10-20 метр гана жетпей калгандыктан, тизмеге кирбей калганын айтып, аларды кайрадан карап чыгууну сунушташты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан