Улуттук инвестициялык фондго жетекчи дайындалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду Ачык акционердик коомунун директорлор кеңеши Уран Темирбековду башкы директор кызмат ордуна дайындоо тууралуу чечим кабыл алды.

Бул кызматка чейин Уран Темирбеков Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондун жетектеп, бир катар ири социалдык жана экономикалык демилгелерди ийгиликтүү ишке ашырган. Анын жетекчилиги алдында фонд аймактарда чакан жана орто бизнести, айыл чарбасын жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган 70тен ашык долбоорду ишке киргизгени айтылат. 2024-жылы Координациялык кеңеш аркылуу 30 инвестициялык долбоор каржыланган. Ошондой эле чакан жана орто ишкердик демилгелерине активдүү колдоо көрсөтүлдү.

Маанилүү жетишкендиктердин бири катары, фонддун демилгеси менен бала бакчалардагы уктоо бөлмөлөрүн рационалдуу пайдалануу боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылып, анын жыйынтыгында 2024-жылдын аягына карата өлкө боюнча кошумча 26 миң орун түзүлдү. Натыйжада, мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо деңгээли 24 пайыздан 55 пайызга чейин көтөрүлдү – бул тармактагы мурда болуп көрбөгөн өсүш болуп эсептелет.

Ошондой эле, акыркы 5 жыл ичинде фонд тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системин колдоого багытталган бир катар ири иштер аткарылды:

Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында эксперименталдык тез курулуучу жугуштуу оорулар ооруканалары курулду;

Республика боюнча 9 оорукананын капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү;

Ден соолук сактоо уюмдары 67 кан-газ анализатору менен жабдылды;

27 оорукананын кислород системи жана газификаторлору орнотулду;

COVID-19 менен күрөшүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине медициналык жабдуулар, медициналык буюмдар жана дары-дармектер берилди;

Эне жана баланы коргоо улуттук борбору ретинопатия диагнозу менен төрөлгөн ымыркайларды дарылоого керектүү жабдуулар менен камсыздалды;

Улуттук госпиталь заманбап урологиялык жардам көрсөтүү үчүн эндоскопиялык жана лапароскопиялык жабдуулар менен жабдылды.

Мындан тышкары, Долбоордук кеңсенин иш тажрыйбасы — анын ичинде жер-жерлерде ишкердикти өнүктүрүү, социалдык жактан аярлуу катмарларды колдоо жана бизнес демилгелерди консалтинг аркылуу коштоо — өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө стратегиялык өзгөрүүлөрдү киргизүүгө негиз түзөт. Бул практикалык негиз Улуттук инвестициялык фонддун алдыдагы ишмердүүлүгүндө кеңири колдонулат.

Темирбековдун дайындалышы 2024-жылдын июнь айында президенттин жарлыгы менен негизделген Улуттук инвестициялык фонддун жаңы өнүгүү этабына туура келди. Фонддун максаты – мамлекеттик үлүшү бар чарба субъекттеринин ишин натыйжалуулук менен жакшыртуу, алардын баалуулугун жогорулатуу жана ички, эл аралык рыноктордон инвестиция тартуу аркылуу өлкөнүн экономикасына туруктуу өбөлгө түзүү.

Темирбековдун аймактык тажрыйбасы, башкаруучулук практикасы жана комплекстүү мамилеси фондду Кыргызстандын экономикалык өсүшүндөгү негизги кыймылдаткыч күч катары калыптандырууга багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан