Эртең, 20-майда Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарынын айрым аймактарында жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн башка аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Бишкекте түнкүсүн +9... +11, күндүз +26... +28 градус ысыйт.
Аймактардагы абанын табы
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8.. +13, күндүз +24 ... +29;
Талас жергесинде түнкүсүн +6... +11, күндүз +23... +28;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11... +16, күндүз +26... +31;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +3... +8, күндүз +19 ... +24;
Нарында түнкүсүн +2... +7; күндүз +18... +23;