
Өлкөдө салмагы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-майдан 1-сентябрга чейин абанын күндүзгү температурасы 28 градус же андан жогору болгон учурда саат 10:00дөн 20:00гө чейин жүк ташыган унаалардын автомобиль жолдорунда жүрүүсүнө тыюу салынат.
Аталган чектөө төмөнкүлөргө тиешелүү эмес:
- Гуманитардык жардамды ташыган;
- Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташыган;
- Берилген атайын уруксаттын негизинде ири көлөмдөгү жүктөрдү ташыган;
- Жол курууга жана оңдоого тартылган унаалар (берилген ордер боюнча).
"Чектөөнүн сакталышы көзөмөлгө алынып, түшүндүрүү иштери менен текшерүү иш-чаралары үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. Ашыкча жүк жүктөгөндөн алыс болуп, жолдун сапатын сактоого салымыбызды кошолу", - деп билдирди министрлик.