Бишкек шаарындагы курулуш объекттеринин биринде 46 чет элдик жаранды мыйзамсыз ишке орноштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бүгүн, 19-майда билдирди.
Атайын кызмат тактагандай, аталган чет элдиктер туристтик визанын негизинде жүргөнү жана өлкөдө иштөөгө укугу жоктугу такталган.
Анын негизинде 46 чет өлкөлүк жаранга эреже бузганы үчүн ар бирине 10 миң сомдон айып салынган. Ал эми курулуш компаниясынын жетекчилигине чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуунун жана пайдалануунун эрежелерин бузуу жөнүндө протокол жазылган.
Мыйзамсыз миграция каналын уюштурууга шектүү 2 чет өлкөлүк жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда ушул кылмыш ишин уюштурууга тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо үчүн тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.