Кыргызстандык окуучулардын командасы биология боюнча Open International Biology Olympiad (OIBO 2025) аттуу эл аралык олимпиадада биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, олимпиада 10–17-майда Орусиянын Сочи шаарында өтүп, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген окуучулар катышты.
Окуучулар үч баскычта: теориялык, практикалык жана командалык долбоордук турлар боюнча күч сынашты. Кыргызстандын курама командасы жогорку даярдыкты көрсөтүп, 1 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медаль жеңип алды. Мындан тышкары, командалык долбоордук турда 1-орунду ээлеп, алтын медаль менен сыйланышты.