
Пенсия алууга укугу жок баатыр энелер Эмгек, социалдык өнүгүү жана миграция министрлиги аркылуу ай сайын 3000 сом өлчөмүндө социалдык жөлөк пул алышат. Мындай маалымат бүгүн, 19-майда министрликтин расмий баракчасында жарыяланды.
Маалыматка таянсак, ушул жылдын 1-майына карата өлкөдө ай сайын социалдык жөлөк пул алган баатыр энелердин саны 90 адамды түздү.
Пенсия курагына жеткенде ( 58 жашка чыкканда) пенсиялык камсыздандырууга укуктуу баатыр энелер пенсиясын Социалдык фонд аркылуу алышат.
Соцфонддун маалыматына ылайык, ушул жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда 31 764 баатыр эне Социалдык фонд аркылуу пенсия алат.