Маалымдалгандай, мамлекет башчысы экологиялык көйгөйдү кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарынын бири катары белгилеп, Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы 15тен ашык резолюция кабыл алганын айтты.
Жапаров 2023-2027-жылдар тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы деп жарыяланганын эске салып, Африка, Кариб жана Тынч океан өлкөлөрүнүн өкүлдөрүн 2027-жылы Бишкекте өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.
Бул арада чет мамлекеттердин БУУдагы туруктуу өкүлдөрү Кыргызстандын Уюмдун ишмердүүлүгүнө кошкон салымын белгилешти.