Талас Бегалиев жана анын шериктери 12-июлга чейин камакка алынды

Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев жана анын шериктери Бишкектеги Октябрь райондук соттун чечими менен 12-июлга чейин абакта калтырылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, буга чейин УКМК маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган жана опузалап акча талап кылган деген шек менен Б.Т., Т.Ч. жана Т.А. кармалганын билдирген.

Айрым маалыматта Бегалиевдин шериктери Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын мурунку директору Асеин Төрөгелдиев жана Чыңгыз Таалайбек уулу экендигин жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан