Кытайда мамлекеттик кызматкерлерге тыюу салуулар боюнча жаңы документ кабыл алынды

Кытайдын мамлекеттик жана партиялык кызматкерлерине жаңы токтомго ылайык, түшкү тамак учурунда кымбат тамактарды жегенге, тамеки чегүүгө жана спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салынды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, документ 63 беренеден туруп, "расмий стандарттарды катуу сактоо" жана "каражаттардын сарпталышын көзөмөлдөө системасын киргизүү" чакырыктарын камтыйт.

Жогорку чектөөлөрдөн тышкары мамлекеттик жана партиялык кызматкерлер бир нече тыюуларга дуушар болду:

  • чет өлкөдө кумар оюндарына барууга;
  • белгиленген чектен ашыкча каражатка белек алууга;
  • чет жакта белек алмашууга;
  • аэропорттордо аларды өзгөчө тосуп алууга;
  • иш сапарга баруучу өлкөлөрдүн же аймактардын санын көбөйтүүгө;
  • корпоративдик жана чет өлкөлүк авиакомпаниялардын чартердик каттамдарын эрежелерди бузуу менен пайдаланууга;
  • турак жай жана транспортту нормадан ашык берүүгө;
  • уруксатсыз иш сапарлардын маршрутун же күндөрүн өзгөртүүгө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан