АКШ Австралиядан Украинага колдонуудан чыгарылган Abrams танктарын жөнөтүүгө уруксат берди. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, 49 танктын биринчи партиясы жакында деңиз аркылуу жөнөтүүгө даярдалды. Украинага танктарды качан жеткирилери такталган эмес. Алгач техника Польшадагы базалардын бири Ясенкага токтошу керектиги кошумчаланды.
Украина согуштук аракеттердин алгачкы жумаларынан бери АКШдан аталган танктарды берүүнү суранып келет. Бирок Вашингтон тарабынан 2023-жылдын уруксат берилип, 31 танк күзүндө жеткирилгендиги белгиленген.