Касмалиев жыйында жетекчилерге эскертүү берди

Өлкөдө быйыл 128 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу менен 14 миңге жакын жаңы жумуш орундары түзүлөт. Бул туурасында бүгүн, 19-майда президенттик администрациядан билдирди.

Маалымдалгандай, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кеңейтилген кеңешменин алкагында 4 айдагы аткарган иштердин жыйынтыгына токтолду.

“Ушул жерде отурган ар бир жетекчиге 128 долбоорду ишке ашырууга жардам берүүгө, аларда пайда болгон көйгөйлүү маселелерин чечүүгө жеке жоопкерчилик бекитилген. Жакында бул маселе боюнча өзүнчө жыйын уюштурулат. Көйгөйлөр жаралбашы керек, иш басаңдаса – тийиштүү чаралар көрүлөт”, - деди төрага.

Касымалиев бул долбоорлорго жалпы 1,7 миллиард доллардан ашык инвестиция тартылып, 14 миңге жакын жаңы жумуш орундары түзүлөрүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан