Бишкекте мас абалдагы жаран укук коргоо кызматкерлерине кол көтөрдү. Бул туурасында Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, окуя 18-майда кечинде орун алган. Эс алуучу жайлардын бириндеги кардар башкалар менен уруш чыгарып, келген милиция кызматкерлерине баш ийбей, аларга кол көтөргөн. Кошумча дагы бригада чакыртылганда ал өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, коркутууга алган. Ошондой эле тартип сакчыларынын кийимдерин жыртканга үлгүргөн.
Натыйжада бейбаштык кылган 1991-жылы туулган Ж.Н. аттуу жаран тергөө кызматына жеткирилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.