Путин америкалык лидер Дональд Трамп менен телефон аркылуу дагы байланышты (видео)

Бүгүн, 19-майда Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын лидери Дональд Трамп менен телефон аркылуу экинчи ирет сүйлөштү. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, эки өлкөнүн башчыларынын баарлашуусу эки сааттан ашык убакытка созулду.

Баарлашуунун негизги багыттары:

- Орусия согуштук аракеттерди токтотууну жактайт, бирок тынчтыкка карай эң натыйжалуу жолдорду иштеп чыгуу зарыл;

- Тиешелүү макулдашууларга жетишилгенде Украина менен ок атышпоо мүмкүн;

- Путин Трампка Москва менен Киевдин ортосунда түз сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону колдогону үчүн ыраазычылык билдирди;

- Стамбулдагы байланыштардын кайра жанданышы тараптардын туура жолдо экенин көрсөтүп турат;

- Трамп Орусия Украинадагы кризистин тынчтык жолу менен чечилишин жактаарын белгиледи.

Ошондой эле Владимир Путин Трамп менен болгон маек маңыздуу жана мазмундуу болгондугун билдиргендиги маалыматта кошумчаланган.

Айта кетсек, 19-мартта Трамп Путин менен телефон аркылуу баарлашкан. Мындан тышкары, Стамбулга россиялык жана украиналык делегация чыр-чатактын алкагында сүйлөшүүгө барган.

19.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан