АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсү жыйынтыкталганын айтып, айрым учурларга токтолду. Бул туурасында ал социалдык баракчасына бөлүшкөндүгүн чет элдик басылмалар кабарлады.
- Орусия менен Украина ок атышууну токтотуу жана андан да маанилүүсү согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү дароо башташат;
- Украина менен Орусиянын ортосундагы мамилени ки өлкө гана билет, андыктан, келишим эки өлкөнүн ортосунда талкуулануусу маанилүү;
- Баарлашуу жакшы маанайда болду;
- Орусия согуш бүткөндөн аяктаганда АКШ менен ири соода-сатык жүргүзгүсү келет жана мен ага макулмун. Бул өлкө көп сандагы жумуш орундарын жана байлыктарды түзүү үчүн эбегейсиз потенциалга ээ;
- Мындан тышкары, Украина да өз өлкөсүн кайра куруу менен соодадан чоң пайда көрө алат;
- Орусия менен Украинанын сүйлөшүүлөрү дароо башталат. Бул тууралуу мен Украинанын президенти Владимир Зеленскийге, Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Лейенге, Франциянын президенти Эммануэль Макронго, Италиянын премьер-министри Жоржа Мелониге, Германиянын канцлери Фридрих Мерцке жана Финляндиянын президенти Александр Стуббга кабарладым.
- Бул арада сүйлөшүүлөрдү Рим папасы Ватиканда өткөрүүгө абдан кызыкдар экенин билдирди.
Белгилей кетсек, Трмаптын Путин менен болгон биринчи сүйлөшүүсү 19-мартта орун алган.