21-майда кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Ош-Медина багыты боюнча Сауд Арабияга жөнөп кетет. Бул тууралуу муфтият кабарлады.
Зыяратчыларды узатууга муфтий Абдулазиз Закиров жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.
Ал эми Бишкек-Жидда багыты боюнча алгачкы учуу 24-майда аткарылып, 29-майга чейин созулмакчы.
Белгилей кетсек, быйылкы жылы 6060 жаран ажылык сапарга жолдомо алган. Аларды 139 өкүл жетектеп барышы күтүлүүдө.