УКМК Бишкек шаарынын аймагында синтетикалык баңгизаттарды жеткирүүнүн эл аралык каналына бөгөт коюлганын билдирди.
Атайын кызмат бүгүн, 20-майда билдиргендей, операциянын жүрүшүндө шектүү эки кыргыз жараны кармалды.
Алар баңгизаттарды сактоо, таңгактоо жана жакынкы чет өлкөлөргө ташууга даярдыкты камсыз кылган кампаны уюштурууга шектелүүдө.
"2 килограмм "соль" баңгизаты Орусиядан жеткирүү кызматтары ("Карго" жана "Яндекс.Такси") аркылуу тиричилик техникасынын ичине жашырылып алып келингени аныкталган. Партиянын бир бөлүгү Бишкек шаарында жана Кыргызстандын айрым аймактарында сатууга, калган бөлүгү Өзбекстанга экспорттоого арналган", - деп билдиришти УКМКдан.
Учурда бул мыйзамсыз аракеттерге катышкан башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.