Трамп Орусияга качан барарын айтты

АКШ президенти Дональд Трамп Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал аяктагандан кийин Москвага барарын убада кылды. Бул тууралуу Орусия президентинин эл аралык иштер боюнча жардамчысы Юрий Ушаков журналисттерге маалымат берип жатып айтты.

Анын айтымына караганда, Трамп Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Орусия-Украин согушу токтогондон кийин Орусияга барарын билдирген.

"АКШнын лидери өлкөгө келет. Себеби Америка Орусияны соода-экономикалык чөйрөдөгү эң маанилүү өнөктөшү катары көрөт", - деген Ушаков.

Белгилей кетсек, кечээ, 19-майда Путин менен Трамп телефон аркылуу сүйлөшкөн эле. Маалымдалгандай, эки өлкөнүн башчыларынын баарлашуусу эки сааттан ашык убакытка созулуп, бир топ маселелер талкууланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан