Өлкөдөгү эки психиатриялык ооруканада бейтаптардын тамак-ашына бөлүнгөн акча көбөйтүлдү

Өлкөдөгү эки психиатриялык оорукананын бейтаптарынын күнүмдүк тамак-ашына бөлүнгөн акча эки эсеге көбөйтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын тапшырмасы менен институттун кызматкерлери Чым-Коргон айылында жайгашкан психиатриялык ооруканада дарыланып жаткан бейтаптардын тамак-ашынын сапатына, шарттарына мониторинг жүргүзүшкөн.
Натыйжада бейтаптардын тамак-ашынын сапаты начар экени аныкталып, акыйкатчы тарабынан өкмөткө ал жердегилердин тамактануусуна бөлүнгөн акчаны көбөйтүү сунушу жөнөтүлгөн.
"Акыркы жылдардагы азык-түлүктүн баасынын өсүшүнө карабай бейтаптардын тамак-ашына бөлүнгөн каражаттын өлчөмү 2017-жылдан бери өзгөргөн эмес", - деп билдирди Акыйкатчы институту.
Учурда Бишкек шаарындагы психиатрия жана наркология борборундагы 1 бейтаптын 1 күндүк тамак-ашы 96 сом 25 тыйындан 180 сомго жана Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканадагы 1 бейтаптын 1 күндүк тамак-ашы 65 сом 70 тыйындан 130 сомго жогорулады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан