Кадамжайда милиция кызматкерине пара сунуштаган жаран кармалды

Кадамжай районунда милиция кызматкерине пара сунуштоого шектелген 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Мерседес-Бенц 320 үлгүсүндөгү унаасын эреже бузуу менен айдап бара жаткан жеринен милиция кызматкерлери тарабынан токтотулган. Унаасы айып короого киргизилген.

Шектүү мыйзамдуу чара көрүлбөшү үчүн милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн башчысына пара сунуштап, акча берүү аракетин жасаган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан