Президент Садыр Жапаров 20-21-майда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Будапештке иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Айтымында, өлкө башчысы ал жакта Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышат.
ТМУ бейформал саммити уюмдун байкоочу өлкөсү - Венгрияда биринчи жолу өткөрүлүп жатат.