Бишкектин бир бөлүгүндө убактылуу таза суу берилбейт

22-майда Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда калаа мэриясы билдирди.

Маалым болгондой, бул күнү саат 10:00дөн 19:00гө чейин Токтоналиев көчөсүнүн №86 үйүнөн тартып Токтоналиев көчөсүнүн №137 "а" үйүнө чейин суу берилбейт.

Аталган аймакта ушул күнү шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштери жүргүзүлөт.

"Бишкексууканал" мекемеси калкты, уюмдарды алдын ала суу камдап алууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан