Астана шаарында циркте гимнаст кыз шоу учурунда беш метр бийиктиктен кулап кеткенин казак басылмалары жазып чыгышты.
Окуя эки күн мурун, тагыраагы, 18-майда болгон. Ал гимнастикалык трюктарды аткарып жатып тең салмактуулугун жоготуп, көрүүчүлөрдүн көзүнчө аренага кулап түшкөн. Кызга кесиптештери биринчи медициналык жардамды көрсөтүшкөн. Андан соң жабырлануучу "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген.
Астананын Саламаттыкты сактоо департаменти гимнастка баш мээси чайкалган деген диагноз коюлганын билдирди. Кыздын абалы орточо оор, бирок туруктуу деп бааланууда. Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Буга чейин Орусиядагы Магнитогорск циркинде 22 жаштагы гимнаст кыз төрт метрден ашык бийиктиктен кулап каза болгону маалым болгон.