Камчыбек Ташиев: "10 миллион болушубуз керек"

Кыргыздар тезирээк 10 миллион болушубуз керек. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы Эне жана баланы коргоо борборунун ачылышында билдирген.

"Биз тезирээк 10 миллион болушубуз керек. Ушуну кыз-келиндерибизге көп айтып келем. Үйдөгү келиндериме да "төрөгүлө, азыр төрөбөсөңөр кемпир болгондо төрөйсүнөрбү?" деп айтам.

Бул өмүргө келгенден кийин, аял киши болуп жаралгандан кийин, өз милдетин аткарып, көп балалуу болуп, элибиздин санын көбөйтүш керек", - деген УКМК башчысы.

Ошондой эле ал апасы 11 баланы тарбиялаганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 13-майда Сузак районунун Чокмор айылында аймактык оорукананын төрөт бөлүмү жана балдар ооруканасы колдонууга берилген. Мекеменин ачылыш аземине катышкан президент Садыр Жапаров оорукананы Ташиевдердин үй-бүлөсү 570 миллион сомго куруп, мамлекетке өткөрүп берип жатканын билдирген эле.

Видео: Айжигит Матраимов

20.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Жумабек
2025-05-20 18:36:00
Ал үчүн пособияны көөп бериш керек документтерге келгенде көбү акча бербей ыргып кетишет пособия жок силерге өтпөйт экен деп коёт Тико машинаң бар экен же күйөң Россияда экен дейт же үйүңдө жакшыраак телевизор бар экен дейт ошентип өмүр бою пособия чыкпайт
+1
Azat-123
2025-05-20 21:25:00
Негизи Камчыбек Кыдыршаевич туура айтат, Кыргыз эли калктын саны боюнча жакынкы жылдары батыраак Белоруссияны ашып өтүп Таджикстанды кууп жетишибиз зарыл деп эсептейм, бул дагы бир геополитиканын бир чоң бутагы болуп саналат
+1
Azat-123
2025-05-20 21:28:00
Azat-123 Өзбекстандын элине көп деле суктанбайм бирок эли пособие албаса дагы эмгекчил, мээнеткеч тырышчаак болушуп бат эле көбөйүп келе жатышат, бизге окшоп папа мама деп бир эки бала менен калып кетишкен жок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан