Бүгүн, 20-майда президент Садыр Жапаров "Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, анын максаты – сот өндүрүшүндө видеоконференция байланышын жакшыртуу, бөгөт коюу чаралары системасында күрөөнүн ролун күчөтүү.
Белгилеген ченемдер:
− “видеоконференция байланышы” жана “трансляциялоо (онлайн-трансляциялоо)” түшүнүктөрү;
− айыпталуучунун соттук отурумдардын протоколдору менен (анын ичинде аудио- жана видео жазуулар менен) таанышууга жана аларга карата сын-пикирлерди берүүгө, телевидение, радио аркылуу жана (же) интернет тармагында түз эфир режиминде соттук отурумду трансляциялоону (онлайн-трансляциялоону) колдонуу аркылуу соттук териштирүү жүргүзүү жөнүндө өтүнмө берүү укуктары;
− милдеттүү түрдө аудио- жана видео жазуу каражаттарынын жардамы менен соттук отурумдун жүрүшүн жазып алуу;
− аудио- жана видео жазуулардын жоктугу соттун чечимин өзгөртүүгө, кайра кароого же жокко чыгарууга негиздердин бири болуусу;
− кылмыштын оордугуна жараша күрөөнүн минималдуу өлчөмдөрү.
Айта кетсек, мыйзам 3-апрелде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.