
Июнь айында өтө турган оюндарга даярдык көрүү максатында уюштурулган окуу-машыгууга чакырылган футбол боюнча Улуттук кураманын кеңейтилген тизмеси жарыяланды. Бул туурасында бүгүн, 20-майда Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.
Маалымдалгандай, 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандоо оюндарынын үчүнчү раунду алкагында Кыргызстан 5-июнда Түндүк Корея менен конокто, ошондой эле 10-июнда өз оюн талаасында БАЭ курамасы менен беттешет.
"Жогоруда айтылган беттештерге даярдык көрүү максатында Максим Лисицындын жетекчилиги алдында курама команда 26-майдан тартып Бишкек шаарында окуу-машыгуу жыйынын баштап, 30-майдан тарта даярдыгын Сауд Арабиясында улантат. Эске салсак, Түндүк Кореяга каршы беттеш Эр-Рияд шаарында өтөт", - деп айтылат маалыматта.