Google компаниясы Google Meet аркылуу башка тилдерге түз которо алган системди көрсөттү.
Анда онлайн байланышта англис жана испан тилинде сүйлөгөндөрдүн ортосундагы диалог көрсөтүлгөн. Которууда жасалма интеллект алардын тонун жана интонациясын да сактай алат.
Учурда систем англис тилинен испан тилине жана тескерисинче которо алат. Бирок Google жакынкы апталарда немис, италия жана португал тилдерин да кошууну пландаштырууда.