Депутат Нарматова жигиттерди армияга барууга чакырып, анын себебин айтты (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жигиттер армияда сөзсүз кызмат өтөшү керектигин белгилеп, бул алардын жоопкерчилигин арттырарын билдирди. Мындай пикирин эл өкүлү парламенттин бүгүнкү, 21-майдагы жыйынында айтты.

Айта кетсек, жыйында Руслан Мукамбетовду коргоо министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралып жаткан.

"Ачык эле айтышыбыз керек - армияга барбаган жигиттерге кыздар турмушка чыкпай эле коюшу керек. Ал армияда кызмат кылбаса, үй-бүлөгө жоопкерчилик жок болуп, ажырашуулар көбөйүп жатат. Тирүү жетим балдардын саны көбөйүүдө. Эркек балдарыбыздын мүнөзү жумшак, эрке-талтаң болуп жоопкерчиликти сезбестен, үй-бүлө институтунун талкаланганына себеп болууда", - деди депутат.

Ошондой эле эл өкүлү мектептерде баштапкы аскердик билим берүүнү сунуштап, ал үчүн атайын класстар ачылып, мугалимдер даярдыктан өтүшү керектигин белгиледи.

21.05.25
21.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан