Синоптиктердин билдирүүсүнө ылайык, 22-майда Чүй өрөөнүнүн, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Ал эми Талас, Баткен жергесинде күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Аймактардагы абанын табы
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12.. +17, күндүз +32 ... +37;
Талас жергесинде түнкүсүн +10... +15, күндүз +28... +33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15... +20, күндүз +32... +37;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +7... +12, күндүз +22 ... +27;
Нарында түнкүсүн +5... +10; күндүз +22... +27;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15... +17, күндүз +33... +35 градус ысыйт.