Чүйдө Анаркул кызы Айжамал дайынсыз болууда

Чүйдө 35 жаштагы Анаркул кызы Айжамал дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу облустук милиция бүгүн, 21-майда билдирди.
Маалыматка караганда, ал ушул жылдын 19-апрелинде, саат 10:00 чамасында Кара-Балта шаарынын Жайыл баатыр көчөсүндөгү мейманканадан чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.
Белгилери: бою 160-165 сантиметр, арыкчырай дене түзүлүштө, чачы кара, орто узундукта. Психикалык жактан жабыркайт. Учурда хаджаб кийбейт.
Кийген кийимдери: көк түстөгү гүлдүү көйнөк, сары костюм, кара түстөгү бут кийим. Кара сумкасы бар. Жанында Куран китеби болушу мүмкүн.
Аталган жаранды көргөн-билгендер болсо төмөнкү номерлерге кайрылышса болот: 0 (701) 20-31-02, 0 (999) 26-02-01 же 102.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан