Райкан Төлөгөнов депутаттык мандатын тапшырат

Райкан Төлөгөнов “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жөнөткөн билдирүүсүндө: “Мен күнөөлөрдөн (керек болсо мага карата айып коюла элек) улам эмес, “Ата Мекен” партиясынын жана бүтүндөй Жогорку Кеңештин кадыр-баркына шек келтирүү боюнча көлөкө түшүп жаткандыктан мандатымды тапшырып жатам. Эгерде иликтөөнүн жыйынтыгында менин партиялаштырымда менин күнөөсүздүгүмө байланыштуу шек пайда болсо, анда менин билдирүүмдү БШКга жөнөтүп, биздин партиялык тизмедеги кийинки талапкерге мандатымды өткөрүп беришсин”,- деп жазат. Райкан Төлөгөнов өзүн күнөөсүзмүн деп эсептейт. “Мен улуу адамдын үй-бүлөсүндө төрөлүп, тарбияланганмын. Атамдын китептериндеги каармандардын үлгүсү менен чоңойдум. Бул чыгармаларда чындык дайыма эле жеңип чыккан эмес. Кээде деңгээли төмөн адамдар саясий күрөштө утуп, ал эми чыныгы баатырлар жалган жалаанын курмандыгы болуп калышканы тарыхта жазылган. Эл жазуучусу, Кыргызстандын Баатырынын уулу катары көп мүмкүнчүлүктөргө ээ болчумун. Бирок мен байлык менен бийликти издебедим. “Ата Мекен” партиясынын катарында Акаев менен Бакиевдин режимине каршы күрөштүм”,- деп билдирет Райкан мырза. "Райкан Төлөгөновдун 2010-жылдын Апрель окуяларындагы талап-тоноочулукка тиешеси бар" деп “Республика” фракциясынын депутаттары айтып чыгышкан. Учурда бул фактыларды депутаттык комиссия менен укук коргоо органдары текшерүүдө.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан