
Бүгүн, 21-майда өлкө аймагында эки ирет жер титирөө катталды. Бул туурасында Сейсмология институту кабарлады.
Маалыматка ылайык, саат 19:41де Кыргызстан менен Казакстан мамлекеттеринин чектешкен аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ал Ысык-Көлдүн Түп районунун Каркыра, Сан-Таш айылдарында сезилди.
Ошондой эле саат 20:26да очогунда күчү 3 баллга жеткен силкинүү кайталанган. Ал Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Тоскоол айылында 2,5 баллга чейин сезилди.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөлөрдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.