Орусиянын Приморск крайынын Арсеньев шаарында Түндүк Корея менен Өзбекстандан барган жумушчулардын ортосунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу Amur Mash телеграм каналы билдирди.
Маалыматка караганда, алар шаарда курулуп жаткан лыжа базасында иштеп жатышкан. Мушташ түшүнбөстүктөрдөн улам чыгып, катышуучулар анда курулуш буюмдарын колдонгонго чейин барышкан. Жаңжалдан кийин алар ишин улантышкан.
Окуя так качан болгону айтылган жок.