Орусияда жол кырсыгынан улам эки кыргызстандык каза болду. Окуя 20-май күнү Забайкал крайындагы Карымское кыштагында болгонун Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
"Чернышевск - Чита багыты боюнча бара жаткан жеңил унаа менен жүк ташуучу унаанын кагылышуусунун натыйжасында 2003-жылы туулган П.Б. жана 2005-жылы туулган П.М. аттуу кыргыз жарандары каза болушту", - деп айтылат билдирүүдө.
Каза болгон жарандар жубайлар болгону айтылды.
Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза да дайындалды. Алардын сөөгүн мекенине алып келүү аракети да көрүлүүдө.