Белгияда америкалык миллионер Крис Деланинин жубайы сүйүктүүсү тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 63 жаштагы миллионер 2017-жылдан бери жубайы менен жашап келген. Делани ушул жылдын 17-мартында үйүнө кайтып келген учурда аялынын жансыз денесин көргөн.
Алгач тергөөчүлөр каза болгон аялды уурулардын курмандыгы болду деп ойлошкон. Байкоочу камерадан караганда, үйгө кирип келген беткапчан адам аялга бычак менен кол салып, андан соң үйдөн баасы он миңдеген евро турган үч саатты алып кеткен. Бирок иликтөө иштеринин натыйжасында каза болгон аял миллионердин жардамчысы жана өзүнүн сүйүктүүсү тарабынан өлтүрүлгөнү аныкталган.
Ошондой эле полиция кызматкерлери миллионердин жардамчысынын үйүн тинтүүгө алганда, короосунан жоголгон сааттардын бирөөсү табылган. Ал жасаган кылмышын моюндап, 4-апрелде камакка алынган.