Жайкы толкунга даярсыңарбы? Chill Zone Beeline'га кош келиңиз! Бул таза абада эс алып, эс алуудан кубат алып, көңүлдүү убакыт өткөрүүгө мүмкүн болгон ыңгайлуу жай.
Beeline Кыргызстан уюлдук оператору Бишкек шаарынын тургундарын жана конокторун 24-майда саат 19:00дө "Ынтымак-2" паркында (ориентир — амфитеатр) Chill Zone'дун ачылышына чакырат. Сиздерди артисттердин чыгармалары, таза абада оюндар, кино көрсөтүү жана башка сюрприздер күтөт. Кирүү акысыз!
Beeline'дын Chill Zone аймагы "Ынтымак-2" паркында 7-июнга чейин иштейт. Ал күн сайын аба ырайы жакшы болгондо саат 16:00дөн 21:00гө чейин ачык болот жана бардык каалоочулар үчүн жеткиликтүү.
Ал жакта эмне болот?
- Ачык асман алдында ата-мекендик тасмаларды көргөзүү — жакшы кино менен ыңгайлуу кечтер.
- Артисттердин жана көчө музыканттарынын чыгармалары — жайдын жана жандуу музыканын сыйкырдуу атмосферасы.
- Таза абада оюндар жана активдүүлүктөр — убакытты достор жана үй-бүлөң менен көңүлдүү өткөрүүнүн мыкты мүмкүнчүлүгү.
- Сынактар жана байгелерди ойнотуу — иш чаралардын убагында эстен кеткис белекти утуп алуу.
- Гаджеттерди кубаттандыруу түйүндөрү — «Твой заряд» өнөктөшүнөн.
Эң кызыктуусун өткөрүп жибербегиле:
Маанилүү: Иш-чаралардын графиги аба ырайына байланыштуу өзгөрүшү мүмкүн. Бардык жаңылыктар @beeline_kyrgyzstan Instagram баракчасында жарыяланат.
Beeline'дын Chill Zone аймагында күнүмдүк түйшүктөрдөн арылуу, келе жаткан жайдын атмосферасын сезүү жана жөн гана жайлуу шартта эс алуу оңой. Өзүңүз келиңиз, үй-бүлөңүздү ээрчитиңиз, досторуңузду чакырыңыз жана #BeeChill хэштеги менен социалдык тармактарда бөлүшүңүз. Жай жаркын таасирлер менен башталсын!
Бул мүмкүн! Бул Beeline!