Бишкекте 9 жана 13 жаштагы бир туугандар изделүүдө 

Бишкекте 9 жаштагы Мурзакул Сыдыков жана 13 жаштагы Абдулазиз Сыдыков изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жеткинчектер 19-май күнү Ак-Ордо конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келишкен эмес.

Абдулазиз кара шым, кара футболка жана кара жеңил бут кийимчен, ал эми Мурзакул жашыл көйнөк, кара түстөгү чолок шым, боз бут кийим кийип жүргөн.
Балдарды көргөн-билгендер болсо милицияга (0312) 35-29-47, 35-12-70, 0702 80 80 23 же 0509201820 номерлери аркылуу байланышса болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан