Мыйзамсыз акча жүгүртүүнү уюштурган деп шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, алар "цыганская почта" деп аталган акча каражаттарын легалдаштыруу каналын уюштурушкан. Шектүүлөр Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жайларда ар кандай кылмыштуу схемалар менен иштешип келишкен жана Орусиядан келген 20 миллион долларды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенишкен. Алар айрым учурларда башка бирөөлөрдүн акчасын алдоо жолу менен ээлеп алып турушкан.
Атайын кызмат кармалгандар №21 абакка киргизилгенин, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.