Акыйкатчы зомбулуктан жапа чеккен аялдын ишин жеке көзөмөлүнө алды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдын ишин жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту кабарлады.

Маалымдалгандай, Акыйкатчы 38 жаштагы К.У. аттуу аялдын аёосуз сабалганы тууралуу маалымат социалдык тармактарга чыгар замат көңүл бурган. Айымдын үч жыл чогуу жашаган жигити чыр-чатак учурунда аны мыкаачылык менен сабаган.

Маалымат коомчулукка жарыяланган күндүн эртеси Жаманбаева жабыркаган аялды жеке кабыл алуусуна чакырган. Жолугушууда ал азыркы күнгө чейин дарыланып жатканы белгилүү болду.

Жакынкы күндөрү ага Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургия бөлүмүндө кайра операция жасалары күтүлүүдө.

Жабырлануучунун айтымында, окуя 2025-жылдын 7-мартынан 8-мартына караган түнү болгон.

"Эки күн үйдө жалгыз, жардамсыз жаттым. Көзүмдү ача албай калгам. Балдарым ошол күнү тайенесиникине кеткен болчу. Эки күндөн кийин курбума чалсам, ал тез жардам чакырып берди", - деди К.У.

Улуттук госпиталдын дарыгерлеринин маалыматына ылайык, ал келген учурда баш мээси чайкалган, бетинде гематомалар жана жаракаттар болгон. Компьютердик томография жана рентгендин жыйынтыгында мурду, тиши жана бетинин сол тарабындагы сөөк үч жерден сынганы аныкталган. Ошондой эле эки көзү жабыркаган.

Маалыматка ылайык, эртеси күнү К.У. жигитинин туугандарынын басымы менен Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жазган арызын кайтарып алган.

Акыркы эки жарым айдан бери К.У. иштей албай, дарыланып жүрөт. Ал 9 жана 7 жаштагы балдарын жалгыз багып келет.
Акыйкатчы жабыркаган аялга юридикалык кеңеш берип, анын укуктарын коргоодо жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

"Биз үй-бүлөлүк зомбулукка көз жумуп, кайдыгер карап тура албайбыз. Укук коргоо органдары аялдарга карата зомбулук боюнча бир дагы учурду көз жаздымда калтырбашы керек. Биздин кайдыгерлигибиз андан да оор кесепеттерге алып келиши толук мүмкүн. Аялга зомбулук көрсөтүп, анын ден соолугуна зыян келтирген адам жазасыз калбашы керек", - деди Жамиля Жаманбаева.

К.У. кайрадан Ленин РИИБге арыз жазып, бул жолу укугун коргоого даяр экенин билдирди.

"Акыйкатчы Башкы прокуратурага кат жөнөтүп, кылмыш ишин объективдүү иликтөөнү көзөмөлгө алууну өтүндү.

Акыйкатчы Институту аялга зарыл болгон юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтөт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан