Спортчу Бектенов Дүйнө кубогунда күмүш байге утту

Өлкөнүн ок атуу спорту боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Имандос Бектенов Германиянын Зуль шаарында өткөн Дүйнө кубогунда 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалымдалгандай, Имандос Бектенов квалификациялык бөлүктө 579 упай топтоп, экинчи орунду ээлеп финалга чыккан. Ал эми финалдык беттеште 240,2 упай топтоп, күмүш медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, 19-майда башталган турнир 25-майда жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан