Женнифер Лопес жайында Астанада жана Алматыда концерт коёт 

Америкалык белгилүү ырчы жана кино жылдызы Женнифер Лопес ушул жылдын август айында Астанада гана эмес, Алматы шаарында да концерт берет. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Андагы маалыматтарга караганда, Алматы шаарындагы концерт 10-августта борбордук стадиондо өтөт.

Учурда америкалык ырчынын Астана жана Алматы шаарында өтө турган концерттерине билеттер сатылып, алар кайтарылгыс экени маалымдалган.

Ошону менен катар эле "Кайрат" футболдук клубу аталган күнү стадиондо футболдук беттеш өтөрүн, концерттин болору макулдашылбаганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан