Өлкөдөгү мектептерде быйыл 11-классты 80 миң 540 окуучу аяктап жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында жазылат.
Билдирүүгө ылайык, анын ичинен 2 489 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алары күтүлүүдө.
Ал эми 9-классты 134 681 окуучу аяктоодо. Анын ичинен 5 756 окуучу артыкчылык күбөлүгүнө талапкер болууда.