Орусиянын Волгоград шаарындагы "Мекен чакырат!" эстелигинин башынан эркек кишинин денеси табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты.
Маалым болгондой, маркум мемориалдык комплекстин аймагына экскурсияга келгендердин бири болгон. Ал 68 жаштагы Москва мамлекеттик дене тарбия академиясынын ректору Николай Чесноков экендиги айтылууда.
"Сөөк скульптуранын башынын ичинде жайгашкан жабык бөлмөдөн табылган. Ал жерде жыгач аянтча жана отургуч бар, ага люк аркылуу кирүүгө болот. Өлүмдүн так себеби азырынча белгисиз. Алдын ала маалымат боюнча, ал жүрөгү кармап каза болгон болушу мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.
Учурда кырсыктын себептери такталууда.