Ошто абакта жаткан уулун чыгарып берүү үчүн акча талап кылган шылуун кыздар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Ош ШИИБи билдирди.
Жабырлануучу аялдын маалыматына караганда, белгисиз эки кыз “Уулуңду түрмөдөн чыгарып беребиз, сот менен милицияда байланышыбыз бар” деп, 40 миң сом жана жана 6 миң доллар сурашкан.
“Алар сот менен жакшы экенин айтып, 40 миң сомду өздөрү, ал эми 6 миң долларды сот тармагында иштеген Руслан аттуу адамга берерин айтышкан. Аялды баласын чыгарып албаса, узак мөөнөткө камалып кетерин айтып коркутушкан. Кийин 6 миң долларды 4 миңге түшүрүшкөн”, - деп жазылат маалыматта.
Милиция кызматкерлери акча талап кылган 22 жана 21 жаштагы кыздарды аныкташкан. Тергөөдө алардын сот тармагына эч кандай тиешеси жок экендиги такталган.
Учурда тергөө иштери уланууда.